Казакстандык каскадер Хэллоуин кечесинде мумияны туурайм деп көз жумду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование Хэллоуина в Новосибирске
Празднование Хэллоуина в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумагужин Алматы шаарындагы түнкү клубдардын биринде кесиптештери менен тар чөйрөдө шоу-программага катышып, жипте асылып турган мумияны көрсөтүп берген.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Казакстандык каскадер Касым Жумагужин Хэллоуин майрамына арналган кечеде өнөрүн көрсөтүп жатып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Оңбогондой кулады! Циркте номер аткарып жатып бийиктиктен кулаган кыздын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Оңбогондой кулады! Циркте бийиктиктен учуп түшкөн гимнаст кыздын видеосу
Окуя ишемби күнү болгон. Жумагужин Алматы шаарындагы түнкү клубдардын биринде кесиптештери менен тар чөйрөдө шоу-программага катышып, жипте асылып турган мумияны көрсөтүп берген. Nomad Stunts кесипкөй каскадерлор тобунун менеджери Евгения Линин айтымында, Жумагужин аталган ыкманы жасаш үчүн атайын жилет кийген.

Ошондой эле костюмду буга чейин текшерип көрүшкөн. Трюкту көрсөтүп жаткан каскадердун абалына көз салып турган шериги Жумагужин ага бир нече жолу  баары жакшы деген белги бергенин айтып берди.

15 мүнөт өткөндөн кийин 34 жаштагы каскадерду жерге түшүрүшкөн. Ал учурда Жумагужиндин жаны бар болчу. Бирок өзүн жаман сезип жатканын айткандан кийин кесиптештери дароо тез жардам чакыртышкан.

"Дарыгерлер бир сыйра реанимациялык иштерин жасаган соң каскадердун жаны чыгып баратканын айтышты. Соттук-медициналык экспертиза бүгүн кесиптешибиз инфаркттан улам каза болгон деген жыйынтык чыгарып беришти", — деди Ли.

Жумагужин 25 тасманын тартуу иштерине катышкан. Анын ичинде Сильвестр Сталлоненин "Неудержимые-2" тасмасына, актер Киану Ривз менен "47 ронинов" фильмине да тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0