БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Жандарбек Бекшин адам өмүрүн алган белгисиз инфекция тарап жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Жыл сайын дүйнө жүзүндө миллиарддан ашык оору катталып, ал 16 миллион кишинин өмүрүн алат. Бекшиндин айтымында, акыркы 20 жылда 30 жаңы вирус табылган. Ушу тапта дагы жаңы вирус чыкканы маалым болду.
"Быйыл "Икс" аталышындагы жаңы вирус пайда болду. Ал бүгүнкү күнү дүйнө жүзүнө коркунуч туудуруп жатат", — деди ал.
Казакстанда кара тумоонун бир нече очогу бар. Андан сырткары, Конго-крым геморрагия безгеги, туляремия, бруцеллез дартына чалдыккандар катталат. Бекшин Борбордук референттик лаборатория Казакстан үчүн актуалдуу экенин кошумчалады.
Эгер сиз айрым медициналык сөздөрдү түшүнбөй жатсаңыз, Sputnik Кыргызстандын "Тибиртке" рубрикасын окуңуз.