Кытайда курулган дүйнөдөгү эң чоң көпүрө ачылды. Видео

© REUTERS / Aly SongОткрытие самого длинного в мире морского моста на юге Китая
Открытие самого длинного в мире морского моста на юге Китая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салмагы 400 миң тоннага жеткен көпүрө кытай элине 120 жыл кызмат кылары айтылды.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кытайда Гонконг, Макао жана Чжухай шаарларын байланыштырып, узундугу 55 чакырымга жеткен дүйнөдөгү эң узун көпүрө ишке берилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Көпүрөнү куруу идеясы 1980-жылдары эле пайда болгон. Бирок аны ишке ашырууну Кытай бийлиги 2003-жылы гана колго алган.

​​"Негизи ал 2016-жылы колдонууга берилмек, бирок ар кандай коррупциялык иштер, бюджеттин кайра каралышы, кырсыктар ага тоскоол болуп келген", — деп жазылат макалада.

​Көпүрөнүн суу үстүндөгү бөлүгүнөн тышкары, суу алды менен кеткен 6,7 чакырымдык тоннели бар.

​Салмагы 400 миң тоннага жеткен көпүрө кытай элине 120 жыл кызмат кылары айтылды. Ошондой эле конструкция сегиз баллдык жер титирөөгө туруштук берери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0