Казакстанда 6-кабаттан кулаган наристени өтүп бара жаткан адам сактап калды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу үй. Архив
Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтааныш адам дем ала албай жаткан кызды дароо жасалма дем алдырган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Казакстанда алтынчы кабаттан кулап кеткен беш жашар кызды өтүп бара жаткан адам сактап калды. Бул тууралуу полицияга шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Кырсык 20-октябрь күнү Павлодарда болгон.

"41 жаштагы Александр Жумабаев жубайын жумуштан тосуп алганы кетип баратып, көп кабаттуу үйдөн чымын-чиркей тоскон тор түшүп калганын көрөт. Башын көтөрсө жогорку кабаттардан наристе кулап келе жаткан болот. Аны кармап алууга аракет кылып, бирок жетишпей калат", — деп айтылат маалыматта.

Терезенин кырында турган өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астанада 10-кабаттан кулаган наристени кошунасы тосуп алды. Видео
Кыз алгач бадалдардын үстүнө түшүп, анан жерге көмкөрөсүнөн кулайт. Ошол маалда Жумабаев кыздын оозу канап, дем алабай жатканын көрүп, дароо жасалма дем алдырат.

Наристе дем алып, ыйлай баштаган кезде үйдөн апасы чуркап чыкканы айтылат.

Кызды ооруканага алып барышканда, анын мээси чайкалып жана оозу тытылып кеткенин айтышкан. Кыз учурда облустук балдар ооруканасында, абалы туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0