Казакстанда эң көп жана эң аз айлык алгандар аталды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКазак тенгеси. Архив
Казак тенгеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө 2018-жылдын башында электрондук эмгек биржасы ачылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстанда эң көп жана эң аз айлык алган адистер аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Коңшу өлкөдө 2018-жылдын башында электрондук эмгек биржасы ачылган. Айлыктар туралуу маалыматтар дал ошол порталдан алынды.

"Быйыл Казакстанда эң көп айлыктын өлчөмү 700 миң теңгеден 1,1 миллионго (1900-3300 доллар) чейин жетүүдө. Мындай айлыкты жумуш берүүчүлөр курулуш инженерлерине, курулуш бригадирлерине жана эл аралык компаниялардын кызматкерлерине сунуштап жатат", — деп жазылат макалада.

Ал эми эң аз айлык Казакстанда 28 миң теңгенин (76 доллар) тегереги. Аны орто мектептин мугалимдери, дүкөн сатуучулары, санитарлар жана пол жуугучтар алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0