Россия Борбор Азияга ракты дарылоо боюнча жардам берүүнү көздөйт

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис Борбор Азияда ракты дарылоочу жабдуулардын жетишсиз экенине токтолду.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Окнологиялык ооруларды дарылоо боюнча Россияда топтолгон тажрыйбаны Борбор Азия өлкөлөрүнө алып келүү каралып жатат. Бул тууралуу алгачкы жолу өткөн борборазиялык онкологдор конгрессинде профессор, Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) радиациялык медицина кафедрасынын жетекчиси Александр Черняев айтканын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Бул үчүн биринчиден, чөлкөмдүн медиктерин кайра даярдоодон өткөрүү пландалып жатат.

"Биринчи этапта өзүбүз Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстандын медициналык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнөн 10дон баштап 25ке чейин адамды кайра даярдоодон өткөрсөк дейбиз", — деди Черняев.

Ал кошумчалагандай, учурда аталган өлкөлөрдө медициналык жабдуу боюнча абал бир топ татаал. Бирок адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу менен көп көйгөйлөрдү чечсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0