Казакстанда медайымдарга илимий иш жаздыруу пландалып жатат

© Sputnik / Владимир Смирнов / Медиабанкка өтүүМассовое отравление суррогатным алкоголем в Иркутске
Массовое отравление суррогатным алкоголем в Иркутске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай эмгектер оорулууларга жана жакындарына абдан керек.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Казакстанда келечекте медайымдардын билимин тереңдетип, илимий иш жаздыруу пдандалып жатат. Бул тууралуу Медайымдык иш боюнча "Парыз" бирикмесинин жетекчиси Кульзи Абенова Sputnik Казакстан агенттигине билдирди. 

Казакстанда медайымдардын билим деңгээлин көтөрүү медицинаны модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында каралган.

Абенованын айтымында, медайымдар инсульт, инфаркт сыяктуу оор илдеттерге кабылган оорулууларды ооруканада жаткан учурда гана карашат. Алар үйгө чыгып кеткен соң ар бирине кызматкер жиберип турууга ооруканалардын мүмкүнчүлүгү жок.

"Андыктан медайымдар оорудан кийин бирөөнүн кароосуна муктаж болгон адамдарга кантип туура жардам көрсөтүү тууралуу сунуш, кеңеш жана түшүндүрмөлөрдөн турган илимий иштерди жасашы зарыл. Мындай эмгектер оорулууларга жана жакындарына абдан керек. Анткени оорулууга туура кам көрүү — анын майып болуп калбашына 70 пайыз кепилдик берет", — деди адис.

Мындан тышкары, Абенова Казакстанда медайымдар азыр чет өлкөлүк тажрыйбалар менен гана иштеп, кандайдыр бир улуттун өзүнө гана тиешелүү маданий жана каада-салттык өзгөчөлүктөр эске алынбай келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0