Астана: 5-кабатта асылып калган кишини аялы сыртка чыгарбай койгон. Иштин чоо-жайы

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу үй. Архив
Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишини медициналык кароодон өткөрүү үчүн психиатриялык ооруканага алып келишти.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Астана шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин бешинчи кабатында терезенин кырын кармап турган кишинин видеосунун чоо-жайы аныкталганын Tengrinews порталы жазды.

Окуя 29-сентябрда болгон.

Терезенин кырында турган өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астанада 10-кабаттан кулаган наристени кошунасы тосуп алды. Видео
Бешинчи кабатта асылып турган киши тууралуу билдирүү полицияга саат 16:00дөр чамасында келген. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери кишини асылып турган жеринен батирдин ичин көздөй тартып алышкан. Аны аялы менен чогуу окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө алып барышкан. Сурак учурунда аныкталгандай үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялынан сыртка чыгарууну сурап, ал көнбөгөндө терезеге чыгып алган.

Жубайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, киши медициналык кароодон өтүү үчүн психиатриялык ооруканага алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0