Астанада журналистти өлтүрдү делген киши кармалды

© AFP / Marvin RECINOSСуд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки
Суд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эмес.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казакстанда журналист Ирина Бекетованы өлтүрдү деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Журналисттин сөөгү өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Аны менен чогуу жашаган киши журналистти өлтүргөн деген шек менен издөөгө алынган.

Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын ИИМи Астанадагы журналисттин өлүмүнүн себебин айтты
Астананын 34 жаштагы жашоочусу Анатолий Гусейнов Акмола облусунун Аршалы районунун Ижевск айылындагы Есиль дарыясынын жээгиндеги кароосуз калган имаратта жашынып жүргөн.

ИИМдин маалыматы боюнча операция аябай ыкчам болгондуктан шектүү киши эч кандай каршылык көрсөтүп, же качып кетүүгө үлгүргөн эмес.

Гусейнов убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Маркум менен шектүү расмий үйлөнгөн эмес, бирок эки баласы болгон. Буга чейин маалымдалгандай, журналист төрт баланы тарбиялап келген. Балдарынын бири майып экени айтылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0