Адис: Казакстанда банкрот болгон ишкерлер өлүмгө дуушар болууда

© REUTERS / Toru Hanai / File PhotoИшкер. Архив
Ишкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө банкротко кептелгендердин саны былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу эки эсеге өсүп, 3 146га жетти.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Казакстанда 2018-жылдын башынан бери 3 миңден ашуун ишкер банкрот болгон. Мындай маалымат Ишкерлердин улуттук палатасындагы талкууда айтылганын Sputnik Казакстан жазды.

Талкууга катышкан Коррупцияга каршы туруу жана ишкерлердин укугун коргоо кеңешинин жетекчиси Каирбек Сулейменов ишкерлер "банкроттун айынан ишинен гана эмес, өмүрүнөн дагы ажырап жатканына" тынчсызданды.

"Бизнестеги мүчүлүштүктөрдүн айынан алматылык ишкер Евгений Молибогин былтыр киши колдуу болду. Ал эми жер тилкелерин жана бизнесин алдырып ийген астаналык Майор Авазов өз өмүрүнө кол салды", — деди Сулейменов.

Текстильные фабрики Uztex Chirchik и Eurotex Global в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Тюмендик ишкер Кыргызстандагы бизнес тууралуу пикирин айтты
Маалыматка караганда, быйыл Казакстанда банкротко кептелгендердин саны былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу эки эсеге өсүп, 3 146га жетти.

Сулейменовдун пикиринде, мындай көрүнүштөргө ишкерлердин юридикалык сабатсыздыгы себеп болууда. Ал бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечип, укуктук көзөмөл жана корпоративдик башкарууну киргизүүнү сунуштап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0