Апасына акарат келтирген Тажикстандын тургуну жазаланып көчө шыпырды

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүРеклама в Москве
Реклама в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейбаш жарандын апасы милицияга кайрылып иш сотко өткөн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Тажикстанда апасына дайыма акарат келтирип жүргөн киши жазаланганын Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди.

Ага ылайык, Душанбе шаарынын 60 жаштагы тургуну Гуланда Шарипова 36 жаштагы уулу Зоир Самичевдин бейбаштыгына даттанып укук коргоо органдарына кайрылган.

"Анын уулу дайыма мас болуп келип алып жаңжал чыгарып, апасына акарат айтып турган", — деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм кызды ийининен кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соттолгон өгөй ата "кыздарын" зордуктап келген. Августтагы криминалдык окуялар
2018-жылы 4-сентябрда Зоир Самиев дагы мас болуп келип, кошуналардын көзүнчө апасын мазактап, шылдыңдаган. Самиев бул кылыгы менен жарандардын тынчын алган. Ал сурак учурунда апасынын айткандарынын баары туура экенин моюндаган.

Шарипованын кайрылуусунун негизинде милиция административдик укук бузуу боюнча кылмыш ишин козгоп, ал Душанбе шаарынын Сино райондук сотуна жөнөтүлдү.

Соттун 5-сентябрдагы токтому менен Самиев 11 сутка камакка алынып, коомдук жумушка тартылып, көчө шыпырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0