Alibaba компаниясынын башчысы Жек Ма отставкага кетүүгө ниеттенүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПанельная сессия "От информационных технологий к цифровым: эпоха новых возможностей для торговли и коммерческой деятельности" в рамках ПМЭФ 2015
Панельная сессия От информационных технологий к цифровым: эпоха новых возможностей для торговли и коммерческой деятельности в рамках ПМЭФ 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал мугалимдик кесибин улантууну пландап жатат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма 10-сентябрда туулган күнүндө отставкага кетүүгө ниеттенип жатат. Дал ушул күнү ал 54 жашка толот.

The New York Times гезитинин жазышынча, Жек Ма кайтадан мугалимдик кесипке кайтып келүүгө ниеттенип жатат. Эске салсак, Ма буга чейин англис тили сабагынан мугалим болгон.

"Пенсияга чыгышым компаниянын доору бүттү дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, бардыгы жаңыдан башталууда", — деди Ма.

Вокзалдагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет жактагы эмгек мигранттары кийин пенсия ала алабы? Жол-жобосу
Ал ошондой эле компаниянын директорлор кеңешинде калып, аны башкаруу иштерине катышарын айтты. Жек Манын милдетинин бардыгы учурдагы башкы директор Дэниэл Чжанга берилет.

Ма Alibaba компаниясын 1999-жылы негиздеп, аны дүйнөдөгү эң ири компаниялардын катарына кошкон. Ал Кытайдын эң бай адамы катары саналат жана байлыгы 40 миллиард долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0