Астанада нөшөрлөгөн жаандан улам, тургундар кайык менен сүзүүгө аргасыз болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПоследствия ливня во Владивостоке
Последствия ливня во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нормадан жогорулаган сууну сордуруп алуу үчүн атайын эки көчмө станция тартылган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Казакстандын борборунда дүйшөмбү күнү нөшөрлөгөн жамгырдан улам суунун деңгээли жогорулап кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Астананын акимиатына шилтеме берип жазды.

Нормадан жогорулаган сууну сордуруп алуу үчүн атайын эки көчмө станция тартылган.

"Борбор калаанын көчөлөрүндө 100дөн ашык атайын техника иштеп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Ал ортодо интернет айдыңына видео тарады. Анда Астананын көчөлөрүнүн биринде эки адам кайык менен сүзүп жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок анын качан тартылганы такталбай жатканын Tengrinews кабарлады. 

Жители Токио - Sputnik Кыргызстан
Японияда мээ кайнаткан ысыктан 80 миңден ашуун адам ооруканага түштү
Эртең менен эрте суу ташкынынан улам Астана шаарындагы коомдук транспорттун каттамы өзгөртүлгөн. Ал эми жергиликтүү убакыт боюнча 09.00дөр чамасында бардык автобустар өз каттамы менен жүрө баштады.

ЖМКлар учурда абал кандай экендигин тактай элек, бирок Казгидромет 21-августта жамгыр катуу жаап, түндүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жете тургандыгын болжолдоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0