Казакстанга Россиядан бензин алып кирүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРост цен на бензин в России
Рост цен на бензин в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буйрук 26-августта күчүнө кирет.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Казакстанга Россиядан бензин алып кирүүгө тыюу салынды. Мындай буйрукка өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев кол койгонун Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Россиядан темир жол менен бензин ташып кирүүгө азырынча үч айга чектөө коюлду. Буйрук 26-август күнү күчүнө кирет", — деп айтылат макалада.

Буга Казакстандагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо модернизация иштери аяктап, өлкөдө күйүүчү май жетиштүү болуп калганы жүйө келтирилген.

Аталган министрлик Россия бул маалымат менен кабардар болгонун маалымдады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0