Өзбекстанда жаңы окуу жылынан тарта мектептерде шахмат сабагы окутулат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүШахмат оюну. Архив
Шахмат оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча Билим берүү министрлигине 20-августка чейин окуу планын иштеп чыгууну тапшырган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзбекстанда жаңы окуу жылынан тарта 150 мектепте шахмат сабагы милдеттүү түрдө өтүлө баштайт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Кытайдын Гонконг университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен Гонконгго чейин. Алтын сертификат алгандар кайсы ЖОЖду тандады?
Азырынча шахмат сабагы сынамык долбоордун алкагында өтүлүп турат. Келечекте өлкөдөгү бардык мектептерде окутула баштайт.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахматты өнүктүрүү Боюнча билим берүү министрлигине 20-августка чейин окуу планын иштеп чыгууну тапшырган.

Президент шахмат оюну интеллект менен ойлоонууну өстүрө турганын айтып, аны өлкө аймагында жайылтуу керектигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0