Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти

Жазылуу
Кылмышкер окуя болгон жерден из жашырууга да үлгүргөн.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ташкентте Өзбекстандын ИИМинин Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын начальниги Дилшод Акрамовду бычактап кетишти. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булагына таянуу менен билдирди. 

Маалыматка караганда белгисиз киши Акрамовдун иш бөлмөсүнө кирип келип бычак урган. Кылмышкер окуя болгон жерден из жашырууга да үлгүргөн.

Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Чүй милициясынын мурдагы башчысын бычактады деген жубайы үй камагына чыгарылды
Милиция каза болгон начальникти өзүнүн тааныштары бычакташы мүмкүн деп болжолдоп жатат.

Бул боюнча Ташкент прокуратурасы "Мыкаачылык менен атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Шаардык милиция бул иш аларга тиешелүү экенине карабай материалды өлкөнүн Башкы прокуратурасына өткөрүп бергенин айтып, журналисттерге ошол органга же ИИМге кайрылууну сунуштаган. Бирок маалыматта айтылгандардын биринен да расмий жооп алууга мүмкүн болбой жатканы айтылат.

Дилшод Акрамов Өзбекстандын ИИМинин Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын начальниги болуп июль айынын башында дайындалган. Ага чейин ал Ташкент ШИИБдин укук бузуулардын алдын алуу башкармалыгын жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0