Тажикстан Россиянын аскерлерине каршы жасала турган терактыны алдын алды

© Sputnik / Искандар Аминов / Медиабанкка өтүүТажикстандын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив
Тажикстандын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын элчилиги өлкөгө келүүнү пландап жаткан Россиянын жарандарын сак болууга чакырды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Тажикстанда террордук топ жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берип жазды.

Атайын операция февраль айында аткарылып, 14 киши кармалган. Алар Нооруз майрамында ири терактыларды ишке ашырууну пландап жүргөн. Ошондой эле Душанбедеги Россиянын 201-аскер базасына дагы кол салууну көздөшкөнү айтылат.

Автомат. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы туристтердин өлүмүн "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды
Тажикстандын соту ячейканы түзгөн эки адамды — 25 жаштагы Фахриддин Гуров менен анын курбусу Махмуджон Азамовду 26 жылга кести.

Ал эми калган фигуранттар жети жылга эркинен ажыратылды.

Террорчулар Тажикстандын Желалабадында даярдыктан өтүп, "Ислам мамлекетинин" согуштук аракеттерине катышкан.

Кылмышкерлерди "Исламдын кайра жаралуу партиясы" террордук уюму каржылап турганы айтылды.

Тажикстандын элчилиги өлкөгө келүүнү пландап жаткан Россиянын жарандарын сак болууга чакырып, эл аз жайгашкан аймактарга баруудан карманууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0