Кийими жок эркектин айкели алматылыктарды убайымга салды

© AFP / JOEL SAGETЭстелик. Архив
Эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Скульптура кимге тиешелүү экени кийин белгилүү болду.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жүк ташыган унаа жүктөп  бара жаткан жылаңач эркектин скульптурасы бир топ алматылыктарды уу-дуу кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

 

 

"Байбек (Бауыржан Байбек Алдматы шаарынын акими — ред.) алматылыктардын оозун ачырганды билет. Жакында Алматында жаңы эстелик пайда болот”, — деп жазды Андрей Мун аттуу интернет колдонуучу.

Ал эми башка колдонуучулар бул АКШ президенти Дональд Трамптын скульптурасы болушу мүмкүн деген божомолдорун жазып чыгышты.

Кийин такталгандай, бул айкел мурда шаардагы кытай ресторандарынын биринде турган экен. Учурда имаратта оңдоо иштери болуп жаткандыктан, аны башка жакка кое турууну чечишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0