Төлөп коюп жүрө бер! Өзбекстанда унаанын терезесин караңгылатууга уруксат берилди

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРейд ГИБДД по выявлению автомобилей с тонированными стеклами
Рейд ГИБДД по выявлению автомобилей с тонированными стеклами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын аймагына кирген башка мамлекеттердин унаалары караңгылатылган айнек үчүн 15 доллардан айып төлөөгө милдеттүү.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өзбекстандык айдоочуларга унаанын айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берилгендиги тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Бул боюнча токтомду өкмөт кабыл алды. Эми элге "көрүнгүсү" келбегендер мамлекетке жылына эки миң доллар төлөп коюп, унаанын айнегин караңгылата алышат.

"Алдыңкы айнектин жогору жагына туурасы 14 сантимерден ичке, жарык өткөрүмдүүлүгү 30 пайыздан төмөн эмес караңгылатуучу пленка чаптаса болот", — деп жазылат маалыматта.

Өзбекстандын аймагына кирген башка мамлекеттердин унаалары караңгылатылган айнек үчүн 15 доллардан айып төлөөгө милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0