Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилди

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүГород Ташкент
Город Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алп жазуучунун бюсту Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 мектепке коюлат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ташкенттеги Бодомзор көчөсүнүн аты Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Съемки фильма Делбирим (Тополек мой в красной косынке) в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Элина Абай кызы менен Мадина Талипбек тартылган "Делбирим". Өзбекстандагы сүрөттөр
Апрель айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири масштабда белгилөөнү буюруп, шаардагы көчөлөрдүн бирине анын атын ыйгарууну тапшырган.

Андан сырткары жазуучунун бюсту Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 мектепке коюлат.

Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын кинорежиссерлору Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде тасма тартып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0