БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттин коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектегенге укук алды. Бул анын башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.
Бул укук тууралуу мыйзам "Казахстанская правда" гезитине жарыяланып, күчүнө кирген.
"Казакстандын тунгуч президентине — Елбасыга тарыхый миссия, коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугу берилди", — деп айтылат мыйзамда.
Буга чейин документти парламент колдоп, ага 5-июлда президент кол койгон. Конституциялык кеңеш мыйзам Баш мыйзамга туура келерин тастыктаган.
Бийлик органдарындагы реформа
"Коопсуздук кеңешинин чечими милдеттүү болуп саналат жана мамлекеттик органдар, уюмдар, кызматтагылар кыйшаюусуз аткарышы керек", — деп жазылган мыйзамда.
Өмүр бою демекчи, Назарбаев буга чейин казакстандыктардын өмүрүн 80 жашка чейин узартууну тапшырган.