08:33 16 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев. Архив

Назарбаевге өмүр бою башкарууга берилген тизгин. Жаңы мыйзам күчүнө кирди

© Sputnik / Михаил Климентьев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
358 0 0

Өмүр бою укук берген документти парламент колдоп, ага 5-июлда президент кол койгон.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттин коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектегенге укук алды. Бул анын башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.

Бул укук тууралуу мыйзам "Казахстанская правда" гезитине жарыяланып, күчүнө кирген.

"Казакстандын тунгуч президентине — Елбасыга тарыхый миссия, коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугу берилди", — деп айтылат мыйзамда.

Буга чейин документти парламент колдоп, ага 5-июлда президент кол койгон. Конституциялык кеңеш мыйзам Баш мыйзамга туура келерин тастыктаган.

Бийлик органдарындагы реформа

Февраль айында Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев Назарбаевдин коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу боюнча мыйзам буга чейин жасалган Конституциялык реформадан кийин бекитилгендигин билдирген. Бул туруктуулукту бекемдеген фактор деп айтылган.

"Коопсуздук кеңешинин чечими милдеттүү болуп саналат жана мамлекеттик органдар, уюмдар, кызматтагылар кыйшаюусуз аткарышы керек", — деп жазылган мыйзамда.

Өмүр бою демекчи, Назарбаев буга чейин казакстандыктардын өмүрүн 80 жашка чейин узартууну тапшырган.

Тема боюнча

Назарбаев казакстандыктардын өмүрүн 80 жашка чейин узартууну тапшырды
Белгилер:
башкаруу, Коопсуздук кеңеши, Нурсултан Назарбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ