Ар бир онунчу казакстандык карыздан улам өлкөдөн чыга албай калышы мүмкүн

Жазылуу
Кирешелер департаменти жарандарды алдын ала карыздарын төлөөгө чакырып, салык кодексин сактоону эскертет.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Казакстандын ар бир онунчу жараны салык карызынан улам өлкөдөн чыга албай калышы ыктымалдыгын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды. 

Астананын мамлекеттик кирешелер департаментинин билдиришинче борбор калаанын 70 миңден ашык тургуну салык жана айып пул төлөгөн эмес.

Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы Улук Кыдырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кыдырбаев: салык төлөп, бизнести ачык жүргүзүүгө ишкерлер да кызыкдар
Казакстан боюнча статистикалык маалыматтар кандай жол менен түзүлгөнү так айтылган эмес, бирок аны бөлө келгенде ар бир онунчу казакстандык карыз экени белгиленет.

Андан сырткары, бир гана Сарыарка аймагында салык төлөбөгөн миңдеген киши бар экени айтылып, бир катары башка мамлекетке чыга албай калган.

Кирешелер департаменти жарандарды алдын ала карыздарын төлөөгө чакырып, салык кодексин сактоону эскертет. Ири карызы барлар атайын маалымат базасына киргизилди.

Быйыл 1-июлдан тарта Казакстанда Салык кодексине киргизилген толуктоо күчүнө кирди. Ага ылайык, эми банк жана финансы уюмдары карызы барларга эсеп ачып, алардын операцияларын жүргүзүүдөн баш тартышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0