Шектүү аялды кордоп видеого тартып алган өзбекстандык милиционерге иш козголду

© AFP / STRЖенская колония в городе Мариуполь, Украина
Женская колония в городе Мариуполь, Украина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттакурган ШИИБинин оперативдик кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Учурда аны камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын тандоо маселеси каралууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Каттакурган шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкери уурулукка шектелген аялды чечиндирип алып кордоп, видеого тарткан. Учурда тартип сакчысы колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты. 

Милиция кызматкерлери Н.Т. аттуу аялды уурулук кылган деп базардан кармашкан. Шектүү шаардык милициянын административдик имаратына алып келинген. Ошол жердеги кызматкерлердин бири аялды чечиндирип, кордоп видеого тарткан.

"Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каттакурган шаарынын (Самарканд облусу) ички иштер башкармалыгынын Санат Умаров аттуу кызматкерине кылмыш ишин козгоду", — деп айтылат маалыматта.

Умаровго карата Өзбекстандын Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

"Умаров тергөөчү эмес, Каттакурган ШИИБинде оперативдик кызматкер болгон. Ал кызмат ордунан бошотулуп, кылмыш иши козголду", — дешти облустук милициядан.

Умаров кармалып, аны камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын тандоо маселеси каралууда. Ошондой эле шаардык милиция да кызматтык иликтөө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0