21:07 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Азия
Кыскача шилтеме алуу
942 0 0

Буга чейин чек арачылар Согдий облусунун аскер прокуратурасы тарабынан суракка алынган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Чек ара конфликтисинде кыргыз кесиптештери тарабынан өздөрүн куралсыздандырууга жол берген тажикстандык чек арачылар өлкөсүндө жазаланды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты. 

Эске салсак, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына тажик аскерлери кирип келген. Тажик жоокерлери тактала элек жерде мыйзамсыз жүргөндүктөн КР чек арачылары чыгып кетүүнү талап кылган, бирок алар каршылык көрсөтүп асманга ок чыгаргандыктан кармалган. Өз кезегинде Тажикстан да жаңжал боюнча оюн айтып, кыргыз тарапка кине койгон.

Билдирмеге караганда, чек арачылар кандай жаза алганы азырынча белгисиз. Анткен менен Тажикстандын прокуратурасы окуяны толук иликтеп бүтө элек.

"Маектеш кесиптештери тарабынан "барымтага алынган" чек арачылардын атын атаган жок. Бирок алар чек арада кызмат өтөгөнүнө бир эле жыл болгонун билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин алар Согдий облусунун аскер прокуратурасы тарабынан суракка алынган болчу.

Тема боюнча

Тажикстан чек арадагы жаңжал боюнча оюн айтып, кыргыз тарапка кине койду
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, коңшу өлкөнүн жоокерлери кармалды
Кыргыз-өзбек чек арасында ок чыгарылбай турган болду
Белгилер:
кыргыз-тажик чек арасы, чек арачы, чек ара, Тажикстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ