Быйыл "КМШ сулуусу" Астана шаарында тандалат

© Sputnik / Viktor TolochkoУчастницы конкурса красоты "Мисс Беларусь" в Минске
Участницы конкурса красоты Мисс Беларусь в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулуулар жарышында 16 мамлекеттен келген 25 кыз ат салышат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Быйыл "КМШ сулуусу" эл аралык сынагы Астана шаарында өтөрүн Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Эң сулуу кызды 17синен 27-июлга чейин тандашат. Бул сынактын максаты — Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөр арасындагы ынтымакты жана туризм жаатындагы байланышты күчөтүү.

Кырыгзстандын модель жана актриса Мээрим Атантаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбекова, Атантаева, Шакирова. КР сулуулары дүйнө сынактарынан эмне менен кайткан
Сулуулар жарышында 16 мамлекеттен келген 25 кыз ат салышат.

Финалга 10 күн калганда Астана шаарына барган сулуулар жергиликтүү каада-салт менен таанышып, казак меймандостугуна күбө болот.

Былтыр аталган сынак Армениянын борбору Ереван шаарында өтүп, Кыргызстан атынан катышкан Айсулуу Абдыбакасова эң акылдуу катышуучу деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0