Кем-карчысы үчүн банктан 270 миң доллар уурдаган кассир. Ташкенттеги окуя

© REUTERS / Jose Luis GonzalezОбмен валют в Сьюдад-Хуаресе. Мексика
Обмен валют в Сьюдад-Хуаресе. Мексика - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кассада иштеген адам карызынан кутулуп, үй алууга жетишкен.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ташкент шаарындагы банктардын биринде касса башчысы иштеген жеринен 270 миң доллар акча уурдап кеткенин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Патрулирование улиц в деревне Ло де Рейес - Sputnik Кыргызстан
Төшкө атышты. Акча алмаштыруу жайын тоногон окуянын чоо-жайы
Бул тууралуу полицияга 25-июнда Улуттук банктын филиалынын жетекчилигинен арыз түшкөн. Маалыматка ылайык, ал кызматкер дүйшөмбү күнү жумушка чыкпай, телефон чалууларга да жооп бербей койгон.

Шектүү ошол эле күнү кечинде кымырып алган акчасына сатып алган батиринен кармалган. Суракта ал каражатты банктан бир жума мурун эле чыгарып кеткенин моюндаган.

"Жумуш убактысы бүткөндө баарынын кетишин күтүп кызматтык ачкычтарды колдонуу менен 270 миң долларды алып чыгып кеттим. Аны карыздарыма жана автоунаа сатып алгандагы насыяма төлөдүм. Туугандардан жана тааныштарга 100 миң доллар карыз болчумун", — деп айткан кармалган банкир.

Ошондой эле ал калган акчага турак жай, тиричилик жана компьютердик техникаларды, азык-түлүк жана башка керектөөчү товарларды алууга жетишкен. Кармалгандан кийин андан ашкан акчаны гана кайтарган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган касса башчысы үй-бүлөлүү, эки баланы атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0