Куулугун кара! Казакстанда бүтүрүүчү адаттан тыш шпаргалка менен кармалды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСдача ЕГЭ по русскому языку в школах России
Сдача ЕГЭ по русскому языку в школах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн аяктарына бир жумага жетпеген убакыт калды.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Казакстанда өткөн Бирдиктүү улуттук тестирлөөдө (БУТ) кадимки суу куюлган бөтөлкөгө жашырылган шпаргалка табылганын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги БУТтун директору Рамазан Алимкуловго таянуу менен жазды.

Анын айтымында, бул бүгүнкү күндөгү эң таң калыштуу шпаргалка деп табылды. 

© СКРИНШОТ ТРАНСЛЯЦИИ В СЦКШпаргалка на этикетке бутылки с водой
Шпаргалка на этикетке бутылки с водой - Sputnik Кыргызстан
Шпаргалка на этикетке бутылки с водой

Тест тапшыруу үчүн өзгөчө даярданып келген бүтүрүүчүнү Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери байкап калган.

"Окуучу шпаргалканы билгизбей алып кирип кеткен. Бир караганда бул жөн гана суу. Бирок бөтөлкөнүн сыртына суунун курамы менен юридикалык дарегинин ордуна химиялык формулалар жазылган. Ошентсе да бүтүрүүчүнүн ойлоп тапкычтыгы бизди сүйүндүрдү. Бул анын жогорку функционалдык сабаттуулугунан кабар берет", — деди Алимкулов.

Бирдиктүү улуттук тестирлөө борборунун жетекчиси азырынча бул шпаргалка бүтүрүүчүлөр колдонгон шпаргалкалардын ичинен эң алдыңкы орунда экенин жана аны жасаган балага техникалык адистикти тандоого кеңеш берилгенин айтты.

Бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн аяктарына бир жумага жетпеген убакыт калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0