Казакстандын сырткы карызы 168 миллиардга жетти. Акчаны эмнеге жумшап жатышат?

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкө үч жыл ичинде эле чет мамлекеттен 10 миллиард доллар карыз алган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Казакстандын сырткы карызы соңку үч жылдын ичинде 10 миллиард долларга жогорулап, азыркы тапта 168 миллиард долларга жетти. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев маалымдаганын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Улуттук банктын жетекчисинин айтымында, алынган карыздын 62 пайызы мунай-газ долбоорлорун ишке ашырууга жумшалган.

"Сырттан алынган акчалардын 8 пайызы мамлекеттик секторго, 16 пайызы мамлекет көзөмөлдөгөн уюмдарга, 14 пайызы жеке секторлорго коротулат", — деди Акишев, парламенттеги жыйындын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кыргызстандын жана Кытайдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 10 жыл ичинде 200 эсе өскөн. График
Ошондой эле учурда казак өкмөтү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын карыз алуусуна көзөмөлдү күчөткөнүн айтып, өз кезегинде каржылык уюмдары сырттан келген карыздарды жөнгө салуу иштерин улантып жатканын кошумчалаган.

Ал эми Кыргызстандын чет өлкөгө болгон жалпы карызы 4 миллиард 80 миллион доллардын тегерегинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0