01:05 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Алтын куймалары. Архив

Өзбекстанда туристтер үчүн алтын куймалары жасала баштады

© REUTERS / Leonhard Foeger / File Photo
Азия
Кыскача шилтеме алуу
64 0 0

Өзбекстандын Туризм комитети бул кадам өлкөгө туристтерди тартууга жакшы шарт түзөт деген пикирде.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өзбекстанда Навои тоо-металлургия комбинатынын базасында сатыкка коюла турган алтын жана күмүш куймаларын чыгарган комплекс ачылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, куймалар беш граммдан бир килограммга чейинки көлөмдө чыгарылып, ички рынокто жергиликтүү валютага сатылат.

Өзбекстандын Туризм комитетинин пикиринде, бул кадам өлкөгө туристтерди тартууга жакшы шарт түзөт.

"Мисалы, Индия жана Кытайдан келген туристтер алтындан жасалган зер буюмдарды сатып алууну жакшы көрүшөт. Эми алар алтын куймаларына кызыга баштайт деген ойдобуз", — деп комбинаттан билдиришкен.

Эми өлкө бийлиги Өзбекстандан алтын жана күмүш уютмаларын көйгөйсүз алып чыгуу үчүн тиешелүү нормаларды иштеп чыгууну пландап жатат.

Тема боюнча

Абадан акча жасайт деп ушуну айт! Өзбекстанда Арал деңизинин абасы сатыла баштады
Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды
Белгилер:
туризм, күмүш, алтын, Өзбекстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ