Рэперлер Snoop Dogg менен 50 Сent жайында Астанага келет

© AFP / ODD ANDERSENАмериканский рэппер Кертис "50 Cent"
Американский рэппер Кертис 50 Cent - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рэперлер 7-июлда казак мушкери Бейбут Шуменовдун WBA куру үчүн болгон беттешинде ырдайт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Америкалык рэперлер Snoop Dogg менен 50 Сent Астанага келерин Sputnik Казакстан жазды.

Рэперлер 7-июлда казак мушкери Бейбут Шуменовдун WBA куру үчүн болгон беттешинде ырдайт. Иш-чара Астананын 20 жылдыгына арналат.

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Шуменов түрк мушкери Хизни Алтынкая менен рингге чыгат. Казакстандык мушкер үчүн бул WBA куру үчүн болгон экинчи беттеш болот. Ал буга чейин жаракатынан улам профессионалдык бокстан кеткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0