Өзбекстан кылмыштуулукка каршы Түркия менен чогуу күрөшмөй болду

© REUTERS / Cem Oksuz / Turkish Presidential PalaceТрехдневный госвизит президента Турции Тайипа Эрдогана в Узбекистан
Трехдневный госвизит президента Турции Тайипа Эрдогана в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирзиёев Түркияга 2017-жылы октябрында барган. Бул акыркы 18 жылдын ичиндеги өзбек президентинин Түркияга болгон алгачкы сапары эле.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен Түркиянын тийиштүү министрлик жана ведомстволору кылмыштуулукка жана террорчулукту каржылоого каршы бирге күрөшүү боюнча бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Документтерге кол коюу иш-чарасы эки өлкө президенттери Шавкат Мирзиёев менен Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.

Маалыматка ылайык, Эрдоган жекшемби күнү Өзбекстанга үч күндүк мамлекеттик сапар менен келди.

Акция Тотальный диктант в России - Sputnik Кыргызстан
Мындан ары Өзбекстанда мурда соттолгон адамдар каалаган жумушуна орношо алат
Кол коюлган документтердин арасында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы менен Түркиянын финансылык кылмыштарды иликтөө боюнча комитети тарабынан мыйзамсыз жол менен табылган киреше жана террорчулукту каржылоо боюнча маалымат алмашуу тууралуу макулдашылган меморандум да бар.

Түркия президенти сапарынын алкагында бүгүн Бухарага барат. Буга чейин Эрдоган Өзбекстанга 2016-жылдын ноябрь айында барып, кесиптеши менен эки тараптуу кызматташуунун “жол картасын” түзүү боюнча макулдашкан.

Ал эми Мирзиёев Түркияга 2017-жылдын октябрында барган. Бул акыркы 18 жылдын ичиндеги өзбек президентинин Түркияга болгон алгачкы сапары эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0