Душанбеде "Коопсуз шаар" долбоорунан 53,5 млн. доллар пайда түштү

© Sputnik / Асель МинбаеваДушанбе. Архив
Душанбе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө казынасы жол эрежесин бузуу фактыларын каттоодон түшкөн айып пулдун эсебинен толукталды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жол эрежесинин бузулганы үчүн салынган айып пулдун эсебинен Тажикстандын бюджетине 476 миллион сомони түшкөнүн Sputnik Тажикстан өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозодуга таянуу менен жазып чыкты.

"Душанбеде "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 870 камера орнотулган. Бүгүнкү күндө шаардагы айдоочулар 476 миллион сомони айып төлөштү. Бул 53,5 миллион доллар", — деди аткаминер.

"Коопсуз шаар" долбоору Душанбеде Кытай насыясынын эсебинен 21 миллион долларга ишке ашкан. Тажикстан Кытайдан айып пулдан түшкөн каражат менен кутулууга белсенүүдө.

Бишкек шаарында аталган долбоор сынамык иретинде иштөөдө. Камералар азырынча борбор калаанын үч жерине коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0