Кытай бийлиги жол эрежесин бузган жөө адамдар үчүн өзгөчө жаза ойлоп тапты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Шанхай
Города мира. Шанхай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы система Кытайдын Хубэй провинциясында сыноодон өтүп жатат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кытайда кызыл күйүп турганда жолдон өткөн жөө кишилер үчүн өзгөчө жаза каралууда. Бул тууралуу South China Morning Post жазып чыкты.

Басылманын маалыматында жол эрежесин бузгандарга атайын орнотулган жабдуулардан суу чачыратылат. Жаңы система Хубэй провинциясындагы Дайе шаарында колдонула баштады.

Мындан тышкары, жабдуу эреже бузган кишини сүрөткө тартып, аны полицияга жөнөтөт. Ал жерде кишинин ким экени такталып, ошол кесилишке орнотулган экранга аты-жөнү чыгат.

​Жазалоонун мындай ыкмасы азырынча шаардын эл көп жүрчү жеринде гана иштеп жатканы айтылды. Системаны иштеп чыгууга шаар бийлиги 207 миң доллар сарптаган.

Ал арада Бишкекте туура эмес жерден өткөн жөө кишиге айып салына баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0