Астананын 20 жылдыгына 57 млн. доллар сарпталат

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик Казакстандын бардык аймагы тартылган 85 иш-чара уюштурмакчы.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Астана шаарынын 20 жылдык мааракесин белгилөөгө 18,8 миллиард тенге (57,3 миллион доллар) жумшаларын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Маселе парламент сенатынын жыйынында көтөрүлгөн. Депутат Мурат Бактиярулы финансы министри Бахын Султановдон эмне себептен мынча ири суммадагы каражат бөлүнүп жатканына кызыкты.

"Астананын 20 жылдыгына 18,8 миллиард тенге бөлүнүптүр. Иш-чара 5-6 күн өтөт экен. Оорукана менен мектептердин курулушуна 7 миллиарддан акча бөлүнөт. Балким, ушул багытта көбүрөөк акча сарптаарбыз? Эмнеге мынча көп каражат каралууда?" — деп суроо салды эл өкүлү.

Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин 140 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтөт
Финансы министри борбор калаанын мааракесин майрамдоо бир жылга пландалганын, ага Казакстандын бардык аймагы тартыларын билдирди. Маданият жана спорттун вице-министри Сакен Мусайбеков быйыл 20 жылдыктын алкагында 85 иш-чара белгиленгенин, тийиштүү берене бюджетте бар экенин кошумчалады.

Ал арада Бишкек шаары да быйыл маакаресин өткөрүп, 140 жылдыгын белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0