Капылет өлүм. Мойнун тырмайм деп бутакка кыпчылган акыра өлүп калды

Жазылуу
Кытайдагы зоопаркта беш жыл жашаган акыра капылет өлүмгө туш болду.

South China Morning Post басылмасынын жазганына караганда, окуя Юньнань провинциясынын Куньмин шаарында болгон.

В ЮАР раненого в схватке с крокодилом жирафа съели львы — жестокое видео - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Африкада крокодил менен алышып жараланган акыра арстанга жем болду. Видео
Моюнунун кычышканына чыдабай калган акыра эки бутактын ортосуна кирип, бирине сөйкөнүп жатып кыпчылып калган. Өз алдынча бошонуп кетүүгө аракет кылган жаныбар аягында аба жетпей калган.

Зоопарктын кызматкерлери бутактын бирин араалап салганы менен жаныбарды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Окуя көрүүчүлөр бар кезде болгондуктан, айрымдар аны видеого тартып калууга жетишкен.

Кийин зоопартын жетекчилиги Хайронг аттуу акыра 10 жашта болгонун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0