19:11 19 Чын Куран 2018
Түз эфир
Душанбе шаары. Архив

Тажикстанда туристтик объектилер салыктан бошотулду

© Sputnik / Ратушенко
Азия
Кыскача шилтеме алуу
5810

Бул демилгени өлкө президенти Эмомали Рахмон туризмди өнүктүрүү максатында өзү көтөрүп чыккан.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Тажикстан өкмөтү туристтик объектилерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу боюнча чечим кабыл алганын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды. 

Маалыматка караганда, мейманканалар, пансионаттар, эс алуу борборлору, туристтик комплекстер киреше салыгынан жана курулуш материалдарын алып келүү учурунда чек ара пошлина төлөө милдетинен бошотулду.

"Салыктан кутулган жайлардын тизмесин музейлер, тарыхый объектилер, балык уулоо жана аңчылык чарбалары, эл аралык бренддердин ресторандары, лыжа базалары жана альпинизм борбору толуктайт", — деп жазылат макалада.

Бул демилгени өлкө президенти туризмди өнүктүрүү максатында өзү көтөрүп чыккан.

Тема боюнча

Жылкыбаев: Ысык-Көлгө келгенде эле элдики дей бергенди токтотсок
Сапар Исаков Ысык-Көлгө барган туристтерди эмне түйшөлтөөрүн айтты
Белгилер:
туризм, салык, Тажикстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ