Казакстанда эки полиция кызматкери автобус жүргүнчүлөрүн өрттөн сактап калды

© Sputnik / Анатолий УстиненкоКазакстандын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кызматкерлери кеч кирип калганда каршы тилке менен өтүп кеткен автобустун арт жагынан түтүн чыгып жатканын байкашкан

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казакстанда эки полиция кызматкери жолдо өрттөнүп бараткан автобустун жүргүнчүлөрүн куткарып калышты. Бул туурасында Sputnik Казакстан Караганда облустук ички иштер департаментине таянуу менен билдирди.

Аталган кырсык 28-мартта болгон. Полициянын старишанасы Нурмагамбетов менен Жол кайгуул полициясынын батальон кызматынын инспектору, лейтенант Егенов Алматы — Екатеринбург унаа жолун тескеп жаткан. Алар кеч кирип калганда каршы тилке менен өтүп кеткен Neoplan үлгүсүндөгү автобустун арт жагынан түтүн чыгып жатканын байкашкан.

"Автобусту көрөр замат дароо артынан кууп жөнөдүк. Жетип барып эле ичиндеги 51 жүргүнчүнү сыртка алып чыктык. Андан соң өрттү өчүрүүгө аракет жасадык", — деди Егенов.

Жүргүнчүлөр да тезинен жүктөрүн чыгарып, өчүрүүгө жардам берген.

Полиция кызматкерлеринин кыраакылыгынан улам адам өлүмүнүн гана алды алынбастан, автобус да өрттөн жабыркаган эмес. Алар кийинки автобусту токтотуп, жүргүнчүлөрдү салып ийишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0