Шиш така кийген казакстандык аял "Нива" унаасын сүйрөп таң калтырды. Видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүНива автоунаасы. Архив
Нива автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым интернет колдонуучулары аялдын шиш така кийип алганына таңыркаса, дагы бири унаанын артынан бирөө жарым түртүп жатса керек деп ишенген эмес.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Instagram социалдык тармагына "Нива" унаасын сүйрөп бараткан казакстандык аялдын видеосу тарады.

Тасманын алдына "Актөбөнүн каардуу аялдары" деп жазылган.

Бир нече интернет колдонуучулар аял бутуна шиш така кийип алганына таңыркаган.

"Укмуш чоң эне экен", — деп isakhanovaidos_1980 аттуу колдонуучу жазды.

Анткен менен бардык эле интернет колдонуучуларга видео жага берген жок. Мисалы a_sekerbaeva аял деген назик болушу керектигин белгилеген.

Ал эми nurasylka_2014 унаанын артынан бирөө-жарым түртүп жатса керек деп көрүнүшкө ишенген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0