Кытай: жүздөн ашык аткаминер коррупция үчүн кесилди

© AFP / GREG BAKER Сотрудники китайской полиции в Пекине
Сотрудники китайской полиции в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш иши министрлерден тарта провинциялык деңгээлдеги кызматкерлерге чейин козголгон

БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Кытай бийлиги 2013-2017-жылдардын ичинде жогорку кызматтардагы 101 кишинин коррупция боюнча ишин карагандыгын жазды. Бул туурасында РИА Новости аталган мамлекеттин Жогорку сотунун докладына таянып жазды.

Рабочая поездка в Баткенскую область президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш күчөй турганын тастыктады
Аталган документте кылмыш иши министрлерден тарта провинциялык деңгээлдеги кызматкерлерге чейин козголгондугун жазды.

Бул жыл ичинде соттук ар кыл инстанциялар жалпысынан коррупция боюнча 263 миң киши катышкан 195 миң ишти карап чыккан. Алар ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер болгон. 13 миңден ашуун адам пара бергени үчүн айыпталган.

Кытайда коррупцияга каршы жапырт күрөш Си Цзиньпиндин бийликке келиши менен (2012-жылдын, ноябрынан – ред.) башталган. Маалыматта акыркы беш жыл ичинде аталган багыттагы мыйзам бузуулар үчүн Кытайдын коммунисттик партиясынын 1,53 миллион мүчөсү кармалган.

Ал эми Кыргызстан коррупциянын дүйнөлүк рейтинги боюнча Россия жана Мексика менен теңтайлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0