Казакстанда эки аял жумушта мушташа кетип, биринин көкүрөгү тытылган

© Sputnik / Жоомарт УраимовМушташып жаткан кыздар. Архив
Мушташып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-февралда болуп, соттун чечими мартта чыккан

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Казакстандын Кокшетау шаарында аялдар жумуш ордунда мушташа кеткенин Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Кокшетау административдик соту Акмоло облусу боюнча ревизия комиссиясынын төрагасынын милдетин аткарып жаткан аялдын ишин караган.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучу: Бишкекте балдардын тобу кыздарды сабады
Жабырлануучунун айтымында, 1-февралда ревизия комиссиясынын төрайымына тартип жоопкерчилиги боюнча чечимди тааныштыруу үчүн кадрларды башкаруу кызматынын өкүлү кирген. Чечимге макул болбогон аял аны менен жулкулдаша кетип, сол көкүрөгүн тытып салган.

Сот-медициналык экспертиза жабырлануучу жеңил жаракат алган деген тыянак чыгарган. Ошондой эле денеси тытылганын аныктаган.

Сотто төрайым айыбын мойнуна алып, буга анын бөлмөсүнө келген аял күнөөлүү экенин айткан. Жыйынтыгында сот аны күнөөлүү деп таап, 25 миң 253 теңге айып салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0