Казакстанда күйүп кеткен автобустун айдоочулары эки айга камакка алынды

© Фото / Комитет по ЧС МВД Казахстана / Медиабанкка өтүүАктөбөдө 52 өзбекстандык өрттөнүп кеткен автобус
Актөбөдө 52 өзбекстандык өрттөнүп кеткен автобус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун ишти судья Алима Адилова карады

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Актөбөдө 52 өзбекстандык өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Тергөө өрткө айдоочулардын өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабай, автобус ичинде каңдоочу лампаны пайдаланганы себеп болгонун аныктап чыккан.

Казакстанда 52 адам менен күйүп кеткен автобус - Sputnik Кыргызстан
52 киши күйүп кеткен автобустагы өрт каңдоочу лампаны колдонуудан чыкканы айтылууда
Эскерте кетсек, 18-январь күнү Казакстандын Актөбө облусундагы Иргиз районунун Самара — Шымкент жолунда 57 кишиси менен бараткан "Икарус" автобусу өрттөнүп кеткен. 

Кырсыктан үч айдоочу менен эки жүргүнчү гана аман калган. Каза тапкандардын баары Өзбекстандын жарандары болчу.

Кийин көз жумгандардын арасында ата-бала, ага-инилер болгону маалымдалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0