Ит өлгүдөй суук! Казакстандын түштүгүндөгү ызгаар 33 градуска чейин жетет

© AFP / VLADIMIR BUGAYEVАялдамада унаа күтүп жаткан Павлодар шаарынын тургундары. Архив
Аялдамада унаа күтүп жаткан Павлодар шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карское деңизинин үстүндө пайда болгон бороон Казакстан тарапка бет алды

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Казакстанда аба ырайы кескин сууктап, өлкөнүн чыгыш, түндүк жана борбордук райондорунда термометрдин көрсөткчү —45 градуска чейин жетерин "Казгидрометке" шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Карское деңизинин үстүндө пайда болгон бороон Казакстан тарапка бет алды.

"Алдыдагы эки күндүн ичинде аба ырайы сууктап, борбордук, түштүк-чыгыш жана түштүк райондоруна жайылат. Түндүк, борбордук жана чыгыш тарапта жайгашкан облустарда абанын температурасы 40-45 градуска сууктайт. Түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарында 28-33 градуска төмөндөйт. Бул климаттык нормадан 10-18 градуска суук", — дешти синоптиктер.

Беш облуста катуу сууктан улам 26-январга чейин шашылыш билдирүү жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0