Үлпөт тойго 1,5 тонналык торт жасаган Агзамов имиштерге жооп берди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүОткрытие InStyle Beauty Bar в ЦУМе в Москве.
Открытие InStyle Beauty Bar в ЦУМе в Москве. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кондитер социалдык тармактарда торттун баасы боюнча жалган маалыматтар тарап жатканына ачууланган

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россиялык кондитер Ренат Агзамов Instagram баракчасындагы түз эфир учурунда Казакстанда талкууланып жаткан торттун баасы тууралуу пикир айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Мобильная сеть в КР - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: жулунуп бийлеген апа, Кайрат Кыргызды катыра туураган балдар
Шымкентте өткөн үлпөт той үчүн чеберлик менен жасалган төрт метрлик, салмагы бир жарым тонналык торттун видеосу менен сүрөтү интернетке 13-январда тараган. Кондитердин айтымында, мындай тортту жасоо үчүн командага төрт күн керектелген.

Айрым ЖМКлар анын баасы 179 миң доллар экенин жазып чыкты.

Агзамов бир нече күндүн ичинде торттун баасы тууралуу ар кандай маалыматтарды окуп чыкканын билдирген.

"Элдин оозун ачырыш үчүн эле ар кандай маалыматтарды жазып жатышат. Анча болду журналисттер тортту 3 миллион, 5 миллион, 10 миллион доллар деп деле жазышса болмок. Келгиле, элди таң калтырыш үчүн андан да чоң суммаларды көрсөтөлү", — деди кондитер.

Анткен менен Агзамов өзгөчө торттун нагыз баасын атоодон баш тартты.

"Анын чыныгы баасын той ээси менен мен гана билем. Эгер төлөп беришсе 10 эсе көп каражатты деле жыргап эле ала бермекмин. Мисалы 10 миллион евро, сонун да", — деди Агзамов.

Торттун диаметри — 3 метр, бийиктиги — 4,2 метр (арабасы менен). Салмагы 1500 килограммды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0