Шымкентте үлпөт тойдогу 1,5 тонналык торт элдин жакасын карматты. Видео

© AFP / LEWIS WHYLD / POOL Торт. Архив
Торт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Торттун диаметри — үч метр, бийиктиги — 4,2 метр (арабасы менен). Ал эми салмагы — 1500 килограммды түзгөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Социалдык тармактарда тойго алып келинген өзгөчө жасалгаланган торт кызуу талкууланып жатат. Sputnik Казакстан агенттиги мындай торт Шымкенттеги үлпөт той үчүн жасалганын аны россиялык белгилүү кулинар Ренат Агзамов даярдаганын жазды.

Ошондой эле тойдогу коноктордун катарын бир нече белгилүү инсандар толуктаганы айтылат.

"12-январда Шымкенттеги Rixos отелинде өзгөчө той өттү. Жылдыздар да аябай көп келди. Кеченин башкы хити торт жана боксчу болду", — деп музыкалык продюсер Жан Муканов Telegram каналына жазган. 

Ал эми россиялык белгилүү кулинар Ренат Агзамов өзүнүн Instagram баракчасына аталган тортту жасоо үчүн командасы менен үч күн иштегенин билдирди.

"Өтө оор эл аралык долбоорду ишке ашырдык. Торттун диаметри — үч метр, бийиктиги — 4,2 метр (арабасы менен). Салмагы — 1500 килограмм болду", — деп жазган кулинар.

Үлпөт тойго Казакстандын шоу-бизнес жана спорт жылдыздары катышкан. Алардын арасынан Тамара Асар, опера ырчысы Сундет Байгожин жана боксчу Геннадий Головкинди көрүүгө болот.

Казакстандык айрым ЖМКлардын билдиришинче торттун баасы 179 миң долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0