АКШ Назарбаевдин Трамп менен жолуга турган мезгилин кабарлады

© REUTERS / Jonathan ErnstПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттер өнөктөштүктүн алкагында аймактык коопсуздук жана экономикалык жааттагы кызматташууну бекемдеп өнүктүрүүнү талкуулайт

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бир аптадан кийин, тагыраагы 16-январда, Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп Казакстан лидери Нурсултан Назарбаев менен кездешет. Бул туурасында Ак үй билдиргенин РИА Новости жазды.

"Президенттер өнөктөштүктүн алкагында аймактык коопсуздук жана экономикалык жааттагы кызматташууну бекемдеп өнүктүрүүнү талкуулайт", — деп айтылган маалыматта.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев менен Трамп Түштүк Азиядагы абалды талкуулашты
Ак үйдүн маалыматына караганда, Трамп менен Назарбаев буларга кошумча "БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги төрагалык кылуу учурунда Казакстандын эл аралык бир катар маселелерде, өзгөчө Афганистан маселесин чечүүдө лидерлик кылышын кеп кылат".

Андан сырткары, эки тарап элди жапырт кыргынга учурата турган куралдарды таратпоо боюнча кызматташууну сүйлөшөрү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0