Адепсиз сынак өткөргөн клуб жабылганын Instagram жылдызы Байзакова жар салды

© SputnikАйжан Байзакова. Архив
Айжан Байзакова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын уюштуруучуларынын бири болгон Айжан Байзакова соттун чечими менен 3 күн түрмөгө отуруп чыккан

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Эки жума мурда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн Алматыдагы Zakova Bar түнкү клубу жабылганын Instagram жылдызы Айжан Байзакова билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Ал Instagram баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, конкурстун видеосун интернетке таратып жибергендерди "саткындар" деп атаган. 

"Биз менен чогуу эс алып, көңүл ачып андан кийин видеону интернетке таратып жиберген эркектердин арты менен бар жабылып калды. Аларды "келемиштер" деп гана атоого болот", — деген Байзакова. 

Зоопарктагы зебралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: Таласты аралаган “зебра”, дүңкүйгөн жигиттер
Байзакова 17-декабрда түнкү клубдардын биринде кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн. Соттон ал коомдук тартипти жана этикалык нормаларды бузганы үчүн үч күнгө эркинен ажыратуу чечими кабыл алынганын маалымдашкан. 

Сынактын эрежеси боюнча 50 миң теңгелик байге дырдай жылаңач чечинген кызга берилмек. Кеченин видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда жылаңачтанган кыздарды көрүүгө болот. Ал эми алып баруучу башка кыздарды дагы сынакка катышууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0