АКШ Гүлнара Каримовага каршы санкция жарыялады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПоказ GULI, авторского бренда Гульнары Каримовой, на Неделе моды Merсedes-Benz Fashion Week
Показ GULI, авторского бренда Гульнары Каримовой, на Неделе моды Merсedes-Benz Fashion Week - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык каржы органынын маалыматы боюнча Гүлнара Каримова мамлекеттик ресурсту пайдаланып, коррупциялык иштерди колго алган

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. АКШнын Каржы министрлиги Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага каршы санкция жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

ЖКнын экс-депутаты Карганбек Самаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сот Карганбек Самаковду жана анын уулун эркинен ажыраткан өкүм чыгарды
Каримовага карата сакциялар “Магнитский актысынын” алкагында ишке ашты. Ага адам укуктарын бузууга жана коррупцияга аралашкан жарандар кирет. Алар АКШнын аймагына кире албай калат дагы бул өлкөдөгү бардык активдери камакка алынат.

Америкалык каржы органынын маалыматы боюнча Гүлнара Каримова мамлекеттик ресурсту пайдаланып, коррупциялык иштерди колго алган. 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын июль айында Каримовага кылмыш ишин козгогонун, анын мамлекетке келтирген чыгымы 1,2 триллион сум, 1,6 миллиард доллар жана 26,1 миллион еврону түзгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0