Тажикстанда паспорту жокторго курулуш материалдарын сатууга тыюу салынды

© AFP / Martin BUREAUЗавод Rivierre недалеко от Парижа
Завод Rivierre недалеко от Парижа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн ички иштер органдарындагы булактын айтымында, мындай кадам террордук аракеттердин алдын алуу максатында жасалууда

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Тажикстанда паспорту жок жарандарга курулуш материалдарын сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги ТажикТА булагына таянуу менен билдирди.

"Тажикстандын бийлиги паспорту жок жарандарга бир катар курулуш материалдарын сатууга тыюу салды. Анын ичинде кальций карбиди, мык жана темир материалдар бар", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн ички иштер органдарындагы булактын айтымында, мындай кадам террордук аракеттердин алдын алуу максатында жасалууда

Ошондой эле таратылган маалыматтарга ылайык террорчулар бомба даярдоодо базарда сатылган мыкты колдонору айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0