Жер талашкан туугандарынын көзүн тазалоо үчүн энеси менен кызы киллер жалдаган

Жазылуу
Окуя Тажикстанда болгон. Кылмышка ниеттенген аялдар туугандарынын башын 12 миң долларга баалаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Тажикстанда энеси менен кызы туугандарынын көзүн тазалоо үчүн киллер жалдаганын Sputnik Тажикстан ИИМге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, милиция Гиссар шаарында жашаган 54 жаштагы аял менен анын 26 жаштагы кызын кармаган. Териштирүү учурунда аялдар туугандары менен жер тилкесин бөлүшө албай ушундай аракетке барганы ачыкталган. Эне менен кыз жакындарынын башын 12 миң долларга баалаган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0